Жаңылыктар
Ат-Башылык ишкер айым үч багытта бизнес ачып, миллиондон ашык киреше тапты
Кыргызстан жаңылыктары
Ат-Башылык ишкер айым  үч багытта бизнес ачып, миллиондон ашык киреше тапты

Ат-Башы районунун тургуну Дамира Турдалиева “Социалдык келишим” долбоору аркылуу үч багытта ишкерлик жүргүзүп, жылдык кирешесин 1 миллион сомдон ашырды.

Ишкер айым алгач долбоордон алган 100 миң сомдук колдоого наабайкана ачуу менен пайдаланса, кийин пайызсыз берилген 200 миң сомдук каражат менен чакан ашкана уюштурган. Муну менен токтоп калбастан, экологиялык туризмди өнүктүрүү максатында “Ынтымак” аттуу жайкы эс алуу жайын да ачып, 10 жумуш ордун түзүүгө жетишкен.

Бүгүнкү күндө Турдалиеванын үч тармактагы ишмердүүлүгү туруктуу киреше берип, жалпы кирешеси бир жыл ичинде миллиондон ашкан. Ишкер айым алдыда тейлөөнүн сапатын жогорулатып, дагы жумуш орундарын түзүүнү максат кылууда.

Акыркы үч жылда Ат-Башы районунда жалпысынан 328 үй-бүлө менен “Социалдык келишим” түзүлгөн. Долбоор калктын социалдык жактан аялуу катмарына колдоо көрсөтүп, өз алдынча киреше табууга шарт түзүү максатын көздөйт.