Жаңылыктар
Баткенде чек арачылар үчүн жаңы шаарча ачылып, 60 чек арачы үйлүү болду
Кыргызстан жаңылыктары
Баткенде чек арачылар үчүн жаңы шаарча ачылып, 60 чек арачы үйлүү болду

Баткенде чек арачылар үчүн жаңы аскердик шаарча ачылып, 60 үй-бүлө кызматтык батирге ээ болду. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн, 25-июнда Баткен облусунун Төрт-Гүл айылында Чек ара кызматынын №2053 аскер бөлүгүнүн жаңы аскердик шаарчасы салтанаттуу түрдө ачылды. Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрага орун басары – УКМКнын төрагасы, генерал-полковник Камчыбек Ташиев катышты.

Жаңы шаарчада казарма жана штаб имараттары, санитардык бөлүк, автопарк, спорттук аянтча, кампалар, коммуналдык түзүмдөр жана улуттук элементтер менен кооздолгон эс алуу зоналары курулган. Ошондой эле, аймакта куралдуу кагылышууда курман болгон аскерлерге арналган мемориалдык комплекс да жайгашкан.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев аскер кызматкерлеринин мамлекет коопсуздугундагы ролун баса белгилеп, алардын кызматтык жана турмуштук шарттарын жакшыртуу өлкө башчысынын өзгөчө көзөмөлүндө экенин айтты.

Андан соң жаңы курулган 60 батирлүү турак жайдын ачкычтары аскер кызматкерлерине тапшырылды. Үйдүн жанында балдар аянтчасы орнотулуп, үй-бүлөлөр үчүн бардык керектүү шарттар түзүлгөн. Бул турак жай жана башка социалдык объекттер республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган.

Мындан тышкары, Баткен чек ара отрядында дагы бир катар оңдоолор жүргүзүлүп, жаңы мончо, кир жуу жайы, жайкы ашкана жана окуу классы курулду.

Бул демилгелер чек арачылардын кызматын жеңилдетип, алардын үй-бүлөлүк жашоо шартын жакшыртууга чоң салым кошот.