Жаңылыктар
Кыргызстан – Өзбекстан – Кытай – Монголия эл аралык автокоридору ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан – Өзбекстан – Кытай – Монголия эл аралык автокоридору ачылды

Кыргызстан– Өзбекстан – Кытай – Монголия эл аралык автокоридору ачылганын Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. 

Долбоордун негизги максаты – жергиликтүү өндүрүш продукциясын жаңы рынокко жеткирүү жана логистикалык багыттарды диверсификациялоо. Улуттук жүк ташуучу компаниянын унаасы жалпысынан 4500 чакырым аралыкты сегиз күндө басып өттү. Жол Алтай тоо кыркаларындагы деңиз деңгээлинен1500 метр бийиктиктеги катаал участокторду да камтыган. 

Адистердин баамында, жаңы багыт аркылуу соода жүгүртүү жана транзит мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү күтүлүүдө.