Жаңылыктар
Адылбек Касымалиев “Жайкы Давос - 2025” дүйнөлүк экономикалык форумуна катышат
Кыргызстан жаңылыктары
Адылбек Касымалиев “Жайкы Давос - 2025” дүйнөлүк экономикалык форумуна катышат

Бүгүн, 23-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кытайдын Тяньцзинь шаарына иш сапары менен барат. Расмий маалыматка караганда, Касымалиев “Жайкы Давос - 2025” дүйнөлүк экономикалык форумунун жылдык жыйынына катышат. 

Форум “Жаңы доордогу ишкердик” деген урааны астында өтүп, дүйнөнүн 90дон ашык өлкөсүнөн эки миңге жакын катышуучу келет. Иш сапардын алкагында Адылбек Касымалиев Кытайдын мамлекеттик кеңешинин жетекчилиги жана чет элдик делегациялардын башчылары менен бир катар жолугушууларды өткөрөт. Иш сапар 25-июнга чейин созулат.