УКМК Улуттук Илимдер Академиясына мамлекет тарабынан ыкчам башкарууга берилген кыймылсыз мүлк объекттерин пайдалануу боюнча ишмердүүлүгүн комплекстүү текшерүүнүн жүрүшүндө имараттарды мыйзамсыз ижарага берүү боюнча коррупциялык схема аныкталды жана ага бөгөт коюлду.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында УИАнын айрым кызмат адамдары жеке кызыкчылыктарын көздөп, жеке баюу максатында ишкерлер менен кылмыштуу бүтүмгө кирип, аларга мыйзамсыз бөлмөлөрдү берип, тиешелүү эсептик жоопкерчиликтерди айланып өтүп, ижара акысы үчүн өз алдынча акча алышканы аныкталган. Учурда бул мыйзам бузуулардын натыйжасында, мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмдөрүн аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Андан тышкары, жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө УИАдан өлкөнүн бардык аймагы боюнча 20га жакын объект жеке жана башка менчикке чыгарылгандыгы тууралуу маалыматтар алынды.
Маалымдама: «КР Улуттук илимдер академиясы жөнүндө» КР Мыйзамынын 18-беренесине ылайык УИАнын мүлкү УИАнын ыкчам башкаруусунда турган мамлекеттик менчик болуп саналат. Мамлекет КР УИАна негизги жана жүгүртүлүүчү фонддорду, жерди жана башка мүлктөрдү мөөнөтсүз жана акысыз пайдаланууга берет. УИАга берилген мамлекеттик мүлк алынып коюлбайт жана башка тараптарга берилбейт.
Ошондой эле, борбор калаанын ортолугунда жайгашкан объектилердин бири иш жүзүндө КР УИАга тиешелүү, бирок укукту белгилөөчү жана укукту күбөлөндүрүүчү документтери (мамлекеттик акт, техникалык паспорт, тиешелүү мамлекеттик органдарда каттоосу жок) болбогондуктан мыйзамдуу түрдө ээсиз деп табылгандыгы аныкталды.
УКМКнын көмөгү менен керектүү документтерди тариздөө жана алуу үчүн жерди топографиялык сүрөткө тартуу иштери демилгеленди.
13-июнда УИАга жалпы аянты 3,36 га болгон белгиленген жер участогуна менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт тапшырылды.
УКМК мамлекеттик мүлктү башкаруу жана менчиктештирүү чөйрөсүндөгү мыйзам бузууларды аныктоо жана бул багытта мыйзамдуу тартипти орнотуу боюнча иштерди улантууда.