Жаңылыктар
УКМК социалдык тармактар аркылуу аймактар аралык араздашууну козуткан жаранды кармады
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК социалдык тармактар аркылуу аймактар аралык араздашууну козуткан жаранды кармады

УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан «TikTok» социалдык тармагындагы баракчасына Кыргыз Республикасынын облустарынын биринен келген жарандардын дарегине уят жана кемсинткен сөздөрдү камтыган видеотасманы жана билдирүүлөрдү ачыкка чыгарган Ала-Бука районунун тургуну «А.у.А.» кармалды.

 Атап айтканда, өз сөзүндө «А.у.А. конкреттүү бир региондун жашоочуларынын кадыр-баркын кемсинткен орой сөздөрдү жана риториканы колдонгон, бул өлкөбүздүн аймактар аралык маселелерге байланыштуу белгилүү бир сезимталдыгын эске алуу менен чыр-чатакты жаратышы мүмкүн.

 «А.у.А.» га карата Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинде («расалык, этностук, улуттук же регион аралык кастыкты (араздашууну) козгоо») каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

 Улуттук, регионалдык, расалык же башка белгилер боюнча жек көрүүчүлүктү же кастыкты козутуунун ар кандай түрлөрү кылмыш жазасына тартыла тургандыгын УКМК эскертет. Атайын кызмат КР жарандарын коомдук адеп-ахлактын ченемдерин сактоого, өз пикирин билдирүүдө, өзгөчө коомдук мейкиндикте жана социалдык тармактарда жоопкерчиликти жана өз ара сый-урматты сактоого чакырат.