Жаңылыктар
Соң-Көлдө браконьерлерге 25 миң сом айып салынды
Кыргызстан жаңылыктары
Соң-Көлдө браконьерлерге 25 миң сом айып  салынды

Нарын облусундагы Соң-Көл аймагында браконьерликке каршы рейд учурунда 2,5 миң метрге чукул мыйзамсыз тор алынууда. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин аймактык башкармалыгы маалымдады.

Рейд учурунда көл үстүнөн жайылган торлор жыйналып, 50гө жакын балык кайра коё берилди. Ошондой эле Бычан жайлоосунан ок атуучу куралдары жана кайырмак тору бар үч адам кармалды. Текшерүүдө алардын куралдарына уруксат документи жок экени аныкталган. Кармалгандар боюнча тиешелүү протоколдор толтурулуп, иш материалдары Ак-Талаа РИИБге өткөрүлүп берилди.

Мындан сырткары, куралына уруксаты бар, бирок аны мыйзам талаптарына ылайык алып жүрбөгөн эки адамга жеринде 25 миң сом айып салынды. Жалпысынан рейддин жыйынтыгында 2 протокол түзүлүп, 2 ок атуучу курал, 14 ок жана 1 кайырмак тор алынган.

Экологдор бул өңдүү иш-чаралар браконьерликти азайтууга жана Соң-Көлдүн биотүрдүүлүгүн сактоого багытталганын белгилешүүдө.