Жаңылыктар
ИИМ жарандарды жайкы эс алуу маалында уурулуктан сак болууга чакырат
Кыргызстан жаңылыктары
ИИМ жарандарды жайкы эс алуу маалында уурулуктан сак болууга чакырат

Ички иштер министрлиги жарандарды жайкы эс алуу мезгилинин башталышы менен уруулуктун алдын алуу үчүн коопсуздук чараларын көрүүгө чакырат. 

Талдоо көрсөткөндөй, жай мезгилинде турак жай ээлери жок болгон учурда уурулуктун саны көбөйгөнү байкалууда. Кол салгандар узак убакыт бою эч ким келбеген жана эч кандай көзөмөл жок батирлерди тандашат. Ушундан улам ички иштер министрлиги бир нече сунуш берет. Алар эшиктерди, терезелерди жана балкондорду бекем жабуу, үйдө ири суммадагы акча каражаттарын жана баалуу буюмдарды калтырбоо, мүмкүнчүлүк болсо сигнализация же видео көзөмөл орнотуу, үйдө жок болгон учурда туугандардан, кошуналардан же тааныштардан батирди кээде карап турууну сурануу, социалдык тармактарда эс алууга кеткени тууралуу жарыялабоо. 

Ички иштер министрилиги эскертет: сактык — сиздин мүлкүңүздүн сакталышынын кепилдиги. Турак жайга уруксатсыз кирүү аракеттери же башка шектүү иш-аракеттер байкалган учурда ички иштер органдарына - 102 кыска номуру аркылуу тез арада кабарлаңыз.