Жаңылыктар
“Е-Дипломат” мамлекеттик мекемеси түзүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
“Е-Дипломат” мамлекеттик мекемеси түзүлдү

Президент Садыр Жапаров Тышкы иштер министрлигине караштуу “Е-Дипломат” мамлекеттик мекемесин түзүү боюнча жарлыкка кол койду.

Документке ылайык, жаңы мекеме тышкы миграция чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу, уруксат берүү чөйрөсүндө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жогорулатуу, ошондой эле виза жана миграция маселесине комплекстүү мамилени камсыз кылуу максатын көздөйт.

Мекеменин чыгымы Тышкы иштер министрлигинин эсебинен каралат жана бул үчүн жаңы 40 штаттык бирдик кошулат.

Расмий маалыматтарга таянсак, быйылкы жылдын январына карата 608 миң 88 кыргызстандык жаран тышкы миграцияда жүрөт. Анын ичинен 376 миң 907 адам Орусияда миграциялык каттоодо турат.