Учурда өлкө аймагында жалпысынан 573 объект курулуп жатканын Биринчи радионун түз эфиринде курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу билдирди.
Аталган объекттердин курулуш иштерине быйыл мамлекеттик бюджеттен 9 млрд. сомго жакын каражат бөлүнгөн. Салынып жаткан 573 курулуштун 17и мектеп, 98и бала бакча, 21и саламаттык сактоо мекемеси. Дагы 12 маданий мекеме, 35 спорттук жай жана башка ар түрдүү соцобъекттер салынып жатат.
Жыл соңуна чейин 200 соцобъекттин курулушу аякташы күтүлүүдө.