Жаңылыктар
1-июлдан тарта салык QR-код аркылуу төлөнөт
Кыргызстан жаңылыктары
1-июлдан тарта салык QR-код аркылуу төлөнөт

1-июлдан баштап салык QR-код аркылуу төлөнөрүн Мамлекеттик салык кызматы билдирди. Салыкты төлөм коду же QR-код аркылуу төлөө   менен салык төлөөчүнүн төлөгөн каражаты онлайн режимде бюджетке түшөт.

Муну менен банк кассасында төлөм документтери, реквизиттерди толтуруудагы каталар жоюлат. Узун кезек күтүүлөр жоголуп, убакыт үнөмдөлөт. 

Өзгөрүүлөр салык төлөөнүн онлайн режиминдеги процессин жөнөкөйлөтүү, ошондой эле салык төлөөчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында киргизилүүдө.