Жаңылыктар
12 жылдык билим берүүгө өтүү: Кайсы класстар секирик жасайт?
Кыргызстан жаңылыктары
12 жылдык билим берүүгө өтүү: Кайсы класстар секирик жасайт?

Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Назира Дюшеева «Жаңылыктын жарчысы» аттуу педагогикалык семинар-форумда 2025–2026-окуу жылында мектеп окуучуларын канча «секирик» күтүп жатканы тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, жаңыланган модель боюнча 2025–2026-окуу жылында окуучулар шарттуу нөлүнчү класстан экинчи класска бир жолу “секирик” жасайт.

“Өлкөнүн жогорку жетекчилигинин сунуштары жана чечимдери эске алуу менен, 12 жылдык мектептик билим берүү системасынын модели өзгөртүлгөн. Окуу жылынын башталышы менен 1-2-5-7-класстарга англис тили, математика, табият таануу жана табигый илимдер (физика, химия, биология), орус тили, орус адабияты боюнча жаңы окуу китептери киргизилет”, – деди Н. Дюшеева.

Өзгөчөлүктөрдүн бири – 5-класстын окутуу форматы болуп саналат. Мында «5+6» форматындагы интеграцияланган программалар колдонулат, башкача айтканда, окуучулар бешинчи жана алтынчы класстарга тиешелүү окуу материалдарын өздөштүрүшөт. Бул билим берүүнүн жаңы деңгээлине өтүүнү ырааттуу жана логикалуу кылууга шарт түзөт. Бешинчи класстын программасындагы темалардын көпчүлүгү мурда 6-класстын программаларында да кайталанчу, бирок алар тереңдетилип берилчү. Ошондуктан 5-6-класстын программаларын интеграциялоо – окуу тематикаларын сактап калат.

Бул өзгөртүүлөрдү киргизүү – мектептик билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана билим берүүнүн эл аралык стандарттарына ылайыкташтырууга багытталган системалуу реформанын маанилүү этабы болуп эсептелет.