Жаңылыктар
Кара-Үңкүр капчыгайындагы элге электр жарыгы жеткирилди
Кыргызстан жаңылыктары
Кара-Үңкүр капчыгайындагы элге электр жарыгы жеткирилди

Нарын районунун Бишкек–Нарын–Торугарт жолунун боюндагы Кара-Үңкүр капчыгайындагы 16 түтүн эли бар калктуу конушка биринчи жолу туруктуу түрдө электр жарыгы тартылды.

Бул аймакта 1939-жылы жолчулар үчүн бир кабаттуу үйлөр курулуп, андан кийин, 50 жыл мурда эки кабаттуу турак жайлар салынган. 1993-жылы 10 кВт кубаттуулуктагы кичи ГЭС ишке кирген, бирок анын мүмкүнчүлүгү чектелүү болуп, жарык жылдын жай мезгилинде гана берилип келген. Ал эми 2015-жылы ГЭС таптакыр иштен чыккан.

Капчыгайда жашап, эмгектенген жолчулардын көп жылдан берки негизги көйгөйү эми чечилди. Энергетика министрлигинин колдоосу жана демөөрчүнүн көмөгү менен беш чакырымдай аралыкка аба чубалгысы тартылып, 118 зым тирек орнотулду. Ошондой эле 100 кВт кубаттуулуктагы көмөк чордон коюлуп, элге электр энергиясы берилди.

Бул долбоордун алкагында жалпы 10 миллион сом каражат жумшалды. Жергиликтүү тургундар көп жылдан берки жарык маселеси чечилгени үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.