Жаңылыктар
Адылбек Касымалиев Өзбекстандын премьер-министри менен жолугушту
Кыргызстан жаңылыктары
Адылбек Касымалиев Өзбекстандын премьер-министри менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн Ташкенттеги иш сапарынын алкагында Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту.

Адылбек Касымалиев өзбек өкмөт башчысына меймандостук маанайдагы жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирди: "Бүгүнкү өтүп жаткан жолугушуубуз кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулоого жана келерки пландарды биргелешип белгилөөгө жакшы мүмкүнчүлүк берет деп ишенем", - деп белгиледи.

Ошондой эле Министрлер кабинетинин төрагасы мамлекет башчыларынын чын ыкластуу жана ишенимдүү мамилелеринин аркасында кыргыз-өзбек мамилелери бийик жана сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн белгиледи. 

Өз кезегинде Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов эки өлкө ортосундагы кызматташтык болуп көрбөгөндөй деңгээлге чыкканын айтып, буга эки мамлекет башчысынын салымы чоң экенине токтолду.

Тараптар ошондой эле эки өлкө ортосундагы экономикалык, транспорттук, суу-энергетикалык, маданий гуманитардык багыттагы кызматташуу боюнча маектешти. 

Эки тарап быйыл кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык комиссиясынын, Ишкерлер кеңешинин отурумдарын, эки өлкөнүн ректорлорунун форумун, ошондой эле Региондордун башчыларынын Кеңешинин биринчи отурумун үзгүлтүксүз өткөрүү боюнча макулдашты.

Жолугушуунун соңунда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов төмөнкү документтерге кол коюшту: 

2017-жылдын 5-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Региондор аралык кызматташуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Протоколуна;

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2024-жылдын 18-19-июлунда болуп өткөн Өзбекстан Республикасына мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча биргелешкен практикалык иш-аракеттердин Жол картасына.