Бишкекке Кытайдын Anhui Ankai Automobile Company компаниясы менен түзүлгөн келишимдин негизинде дагы 18 жаңы электробус жеткирилди. Бул тууралуу муниципалитет социалдык тармактар аркылуу маалымдады.
Буга чейин, 2024-жылдын 31-майында борбор калаага 3 электробус келсе, апрель айында дагы 2 электробус пайдаланууга берилген. Ошентип, азыркы күндө Бишкек шаарынын автотранспорт паркы жалпы 23 электробус менен толукталды.
Маалыматка ылайык, бул иш-чаралар Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган долбоордун алкагында жүргүзүлүүдө. Долбоор боюнча Бишкекке жалпы 120 электробус жеткирүү пландалган.
Ошондой эле, эки автобазада реконструкциялоо иштери соңуна чыгып, электробустар үчүн инфраструктура даярдалып жатканы кошумчаланды.