Өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 29-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Анда айтылгандай, 29-31-майда күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана локалдык нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрөт.
Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.