Жаңылыктар
ӨКМ: Тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн
Кыргызстан жаңылыктары
ӨКМ: Тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык, 2025-жылдын 23-27-майы аралыгында туруксуз аба ырайы күтүлүүдө.

Нөшөрлүү жаан-чачындарга байланыштуу өлкө аймагында тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Ошондой эле, дарыяларда суунун деңгээлинин көтөрүлүшү болжолдонууда.