«Менин шаарым» мобилдик тиркемесине жаңы функция кошулду. Бул фунция аркылуу колдонуучулар эвакуацияланган автоунаасы тууралуу маалыматты онлайн түрүндө реалдуу убакыт режиминде көрө алышат.
Бул кызмат туура эмес токтотулган автоунаалардын учурдагы жайгашкан жерин, кайсы аянтка жеткирилгенин жана эвакуация кызматынын байланыш номерлерин көрсөтөт. “Менин шаарым” тиркемеси жарандар менен муниципалдык кызматтардын ортосундагы ишти ачык-айкын жана натыйжалуу кылууга багытталган.
Кантип иштейт?
Колдонуучу «Менин шаарым» тиркемесиндеги «Кызматтар» → «Эвакуатор» бөлүмүнө кирип, автоунаасынын мамлекеттик номерин терет. Эгер автоунаа эвакуацияланган болсо, картадан так дареги жана жайгашкан жери көрсөтүлөт.
Функция Android жана iOS платформалары үчүн жеткиликтүү. Колдонуучулардан тиркеменин акыркы версиясын жүктөп алуу сунушталат.