Жаңылыктар
Кыргызстан менен Венесуэла дипломаттары үчүн визасыз режим күчүнө кирди
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан менен Венесуэла дипломаттары  үчүн визасыз режим күчүнө кирди

Кыргызстан менен Венесуэла Боливар Республикасынын ортосунда дипломаттык жана кызматтык паспорттун ээлери үчүн визасыз жүрүү тартиби күчүнө кирди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги расмий кабар таратты.

Маалыматка ылайык, тиешелүү макулдашууга 2024-жылдын 27-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган.

Аталган макулдашууга ылайык, эки өлкөнүн дипломаттык жана кызматтык паспорт ээлери визасыз негизде бири-биринин аймагына кирүүгө, транзит менен өтүүгө, болууга жана чыгууга укуктуу. Визасыз жүрүү мөөнөтү – 90 (токсон) календардык күндөн ашпоосу керек.

Бул макулдашуу Кыргызстан менен Венесуэла ортосундагы дипломатиялык мамилелерди чыңдоого жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган кадам катары бааланууда.