Бүгүн, Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Сауд Арабиянын Соода-өнөр жай палаталар федерациясынын Башкармалыгынын Төрагасы Хасан Моажеб Аль-Хувайзи жетектеген делегацияны кабыл алды.
Жолугушуу алкагында делегациянын Кыргызстанга жасаган сапары эки тараптуу экономикалык байланыштарды чыңдоого, кыргыз ишкер чөйрөсү менен түз байланыштарды орнотууга жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду талкуулоого кеңири мүмкүнчүлүк жарата турганы баса белгиленди.
«Сиз жетектеп келген делегациянын курамында алдыңкы жана ири компаниялардын жетекчилери бар экендиги – биздин тарап үчүн чоң мааниге ээ. Бул сапар кыргыз-сауд мамилелеринин жаңы деңгээлге чыгышына түрткү берет», – деп белгиледи Адылбек Касымалиев.
Ошондой эле Адылбек Касымалиев Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсү жөнүндө токтолуп, соңку үч жылда өлкө экономикасы 9% деңгээлинде ишенимдүү өсүп жатканын, 2025-жылдын 4 айында ички дүң продукциянын көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,7 %ды көрсөткөнүн, эл аралык “Стандарт энд Пуурс” рейтинг агенттиги жакында эле Кыргызстанга туруктуу прогноз менен В+ кредиттик рейтингин ыйгарганын, үстүбүздөгү жылдын аягына чейин 128 инвестициялык долбоорду ишке ашыруу пландалганын айтып, бул көрсөткүчтөр жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжалуулугун ырастап тураарын билдирди.
Өз кезегинде Хасан Моажеб Аль-Хувайзи Сауд Аравиясы Кыргыз Республикасы менен кызматташууну тереңдетүүгө кызыктар экенин белгилеп, эки мамлекет ортосундагы ар тараптуу мамилелерди мындан ары да өнүктүрүү маанилүү экенин билдирди.
2024-жылдагы расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстан менен Сауд Аравиянын ортосундагы соода жүгүртүү 2,83 миллион АКШ долларын түзгөн.
Жолугушууда тараптар бир катар перспективдүү багыттар – энергетика, туризм, соода-логистикалык борборлорду куруу, тамак-аш жана эт продукциясын Сауд Аравиясына экспорттоо сыяктуу маселелерди талкуулап, кызматташуунун конкреттүү мүмкүнчүлүктөрүн карашты.