Жаңылыктар
Нарында Улуу Ата Мекендик согуштун жалгыз ардагери сый-урматка бөлөндү
Кыргызстан жаңылыктары
Нарында Улуу Ата Мекендик согуштун жалгыз ардагери сый-урматка бөлөндү

Нарын облусундагы Улуу Ата Мекендик согуштун жалгыз ардагери Сатынды Жапаров Улуу Жеңиштин сексен жылдыгын Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында тосту.  Жүз жаштагы атага Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун белектери тапшырылды.

Жеңиштин 80 жылдыгынын алкагында өлкө башчы тарабынан ардагерлерге бир жолку 100 миң сомдук материалдык жардам көрсөтүлгөн. Бул каражатты дубан башчынын орун басары Адыл Сапаров тапшырып, Президенттин куттуктоосун окуп, ардагерди Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктады. Ардагерге сый-урмат көрсөтүлүп, анын үйүнүн алдында Мамлекеттик чек ара кызматынын өздүк курамы салтанаттуу сап менен өтүп, аскердик урмат көрсөтүштү.

Учурда 100 жашын белгилеп жаткан Сатынды Жапаровдун 10 баласы, 27 небереси жана 23 чөбөрөсү бар.

Улуу Ата Мекендик согушка Нарын облусунан жалпы 18 146 жоокер аттанып, алардын ичинен 8 919у курман болгон же дайынсыз жоголгон. Согуштан аман кайтып келген 7 130 ардагер согуштан кийинки коомдун өнүгүшүнө салым кошкон. Учурда облуста согуштун 1 жана 11 ооруктун 11 ардагери бар.