Жаңылыктар
Улуу Жеңишке 80 жыл: Нарындагы салтанат
Кыргызстан жаңылыктары
Улуу Жеңишке 80 жыл: Нарындагы салтанат

Бүгүн, 9-май күнү Улуу Жеңиштин 80 жылдыгы Нарын облусунда дагы салтанаттуу белгиленди. Жеңишке арналган эскерүү митинги "Тянь-Шань" паркындагы  Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин жаркын элесине жана ардагерлерине арналган өчпөс оттун  алдына гүл чамбар коюу менен башталды. Кан майданда жана кийин көзү өткөн ардагерлерге багышталып куран окулуп, баатырларды эскерүү мүнөтү жарыяланып, асманга ок чыгарылды.

Андан соң эскерүү митингине келген жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, калаа тургундары, согуштун катышуучуларынын, ардагерлеринин жакындары алардын сүрөттөрүн көтөрүп “Өлбөс полк” журүшү менен Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтка жүрүш жасашты.

Аянтта Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Адыл Сапаров аскердик парадды кабыл алып, теңиртоолуктарды Жеңиш күнү менен куттуктап, Мекенибизде дайыма тынчтык, ынтымак жана бакубат жашоо болуусун тилек кылды.

“Бүгүн биз Улуу Жеңиштин 80 жылдык мааракесин терең сый-урмат жана таазим менен тосуп жатабыз. Бул – биздин тарыхыбыздагы эң оор жана даңазалуу барагы. Бул — эрки бекем, духу бийик элдин кайратмандыгынын символу.

1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуш адамзат тарыхындагы эң кандуу, эң кыйратуучу согуштардын бири болгон. Фашизмди жеңүү үчүн Кызыл Армия Брянск, Сталинград, Курск, Ленинград, Москва, Кавказ, Украина, Беларусия, Балтика фронтторунда жанын аябастан күрөшкөн. Бул кандуу жылдарда Кыргызстандын, анын ичинде Нарын облусунун эли өз уулдарын фронтко жөнөтүп гана тим болбостон, тылда да теңдешсиз эрдиктерди көрсөтүшкөн.

Бул күнү биз ошол кыйын күндөрдө өз өмүрүн аябастан курман болгон ата-бабаларыбыздын, фронтто жана тылда эмгектенген муундун алдында башыбызды ийебиз. Бүгүнкү бейпил жашообуз алардын кан-жаны менен күрөшүүсүнүн аркасында келген.

Бүгүнкү күндө Нарын облусунда Улуу Ата-Мекендик согуштун 1 гана ардагери жана 11 оорук эмгекчиси калды. Алар биздин тирүү тарыхыбыз. Аларга кам көрүү – биздин ыйык парзыбыз.

Келгиле, Улуу Жеңиштин баасын унутпайлы! Эркиндик, тынчтык жана биримдик үчүн күрөшкөн муундардын мурасын ыйык сактайлы!”,-деди ал.

Аянтта аскердик парад өтүп, Куралдуу күчтөрүнүн техникалары күч органдары, шаардагы орто мектептердеги милициянын жаш тескөөчүлөрү да параддан өтүштү. Параддан соң театр ишмерлери тарабынан даярдалган  согуш күндөрүн жана жеңишти чагылдырган көрүнүш тартууланып, атуулдук ырлар жаңырды.

Нарын облусунда Улуу Ата Мекендик согуштун бир ардагери Сатынды Жапаров бар. Майрамга карата ардагерге Президенттин атынан 100 миң сом жана дубан башчынын резервдик фондунан бөлүнгөн каражат тапшырылды. Ал эми ооруктун 11 эмгекчилери үчүн жер-жерлерде майрамдык белектер тапшырылууда.