Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы менен куттуктады.
«Ушул өзгөчө маанилүү күнү биз келечек муундардын бейпил жашоосу жана бүткүл адамзаттын бактылуу келечеги үчүн тайманбастан салгылашкандардын, ошондой эле өздөрүнүн талыкпаган жана жан аябас эмгеги менен жаркын Жеңиш күнүн жакындаткан тыл эмгекчилеринин ысымдарын өзгөчө ыраазычылык жана сыймыктануу менен эскеребиз. Ата-бабаларыбыздын эрдиктери менен баатырдыгын түбөлүккө эске сактоо өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук жана ар тараптуу кызматташтык мамилелерди мындан ары да чыңдоо үчүн бекем пайдубал болуп кала берет деп ишенем», - деп айтылат Сердар Бердымухамедовдун куттуктоо катында.