Жаңылыктар
Аскер кызматкерлеринин эмгек акысы 35 пайызга көбөйтүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Аскер кызматкерлеринин эмгек акысы 35 пайызга көбөйтүлөт

Ушул жылдын 1-июлунан тарта күч органдарынын офицердик курамынын эмгек акысы орто эсеп менен 35 пайызга көбөйтүлөт. Мындай жагымдуу жаңылык менен Президент Садыр Жапаров борбордук Ала-Тоо аянтында өткөн аскердик парадда сөз сүйлөп жатып бөлүшө кетти. 

Өлкө башчы контракттык кызматтагы аскер кызматчыларынын маянасы болсо 1-ноябрдан баштап ушундай эле өлчөмдө көбөйтүү пландалып жатканын кошумчалады. 

Айтымында, бул аракеттер жөн гана колдоо чарасы эмес. Бул – Мекенди коргоо кызматындагылардын күнү-түнү көз ирмебей “Эл четинде – жоо бетинде” тургандагы мээнетин баалоо болуп эсептелет. Тагыраак айтканда, мамлекеттин коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдап жатат.