УКМК милиционерлерди жана жарандык активисттерди кемсинткен бажы кызматкери менен профилактикалык сүйлөшүү жүргүзүлгөнүн маалымдады.
28-апрелде социалдык тармактарга ИИМдин Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын инспекторлору жүргүзгөн рейддин видеосу тараган, анда мас айдоочу башкарган ак түстөгү Лексус 570 үлгүсүндөгү унаанын катышуусундагы жагымсыз окуя катталган.
28-апрелге караган түнү, Бишкек ШИИБнүн Кайгуул кызмат башкармалыгынын инспекторлорунун, Ички иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери жана жарандык активисттердин катышуусунда рейд жүргүзүлүп, оюн-зоок жайларынын биринин кире беришинде белгиленген унааны токтоткон учурда, айдоочу инспекторлордун талаптарына баш ийбей, качып кетүүгө аракет жасаган. Айдоочунун мас абалында болгондугу аныкталып (медициналык экспертизанын корутундусу менен тастыкталган), ага карата тиешелүү чаралар көрүлгөн (протокол түзүлүп, унаа айып жайга камакка алынган).
Кармалган унаанын ичинде, айдоочу менен кошо жүргөн жүргүнчү болгон, ал дагы мас абалында болуп милиция кызматкерлерине жана жарандык активисттерге карата өтө агрессивдүү мамиле жасап, өзүн офицер катары тааныштырып, ар түрдүү кызматтык байланыштарын айтып ызы-чуу чыгарган. Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, өзүн агрессивдүү алып жүргөн жарандын өздүгү такталып, ал Мамлекеттик Бажы кызматынын кызматкери К.А.А.экендиги аныкталган. К.А.А. мамлекеттик органдын кызматкери болуп туруп, мамлекеттик кызматчынын жүрүм-турум нормаларын жана этикасын одоно түрдө бузуп, өзүнүн иш-аракеттери менен мамлекеттик бийлик органдарынын беделин түшүргөн. Бул көрүнүштөр коомчулукта терс пикирлерди жаратты.
Буга байланыштуу УКМК тарабынан К.А.А. менен профилактикалык иш-чаралар өткөрүлүп, ал өз иш-аракеттеринин туура эместигин мойнуна алып, кечирим сурады. Мамлекеттик Бажы кызматы тарабынан кызматтык териштирүү жүргүзүлүп, анын натыйжасында түзүлгөн кырдаалда, К.А.А. нын туура эмес жүрүм-турумун эске алуу менен. мамлекеттик органдардын беделин түшүрүү беренеси боюнча Кыргыз Республикасынын Бажы органдарынын катарынан бошотулду.
УКМК жүрүм-турум ченемдерин бузууга жол берилбестигин эскертет жана мамлекеттик органдардын бардык өкүлдөрүн өлкөнүн мыйзамдарын бекем сактоого жана мамлекеттик кызматчынын Этикалык Кодексин сактоого чакырат.