2025-жылдын башынан бери «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынынын автобустары аралашкан жол кырсыктарынын саны өстү. 2024-жылдын ушул эле мезгили менен салыштырганда, мындай кырсыктар 15 пайызга көбөйгөн.
2025-жылдын 1-январынан 31-мартына чейин «Бишкек шаардык транспорту» муниципалдык ишканасынын карамагындагы 158 автобус ар кандай жол кырсыктарына кабылган. Бул тууралуу бүгүн Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан маалымдашты.
Көзөмөл органдарынын маалыматына ылайык, автобус айдоочулар тарабынан жол эрежелеринин бузулушу да көбөйгөн. Кырдаалды турукташтырып, айдоочулардын маданиятын жогорулатуу максатында “Бишкек шаардык транспорт” ишканасынын жетекчилиги, жол кыймылынын көзөмөлдөө органдарынын өкүлдөрү жана Бишкек шаарындагы Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун филиалынын катышуусу менен атайын түшүндүрүү иш-чарасы уюштурулду.
Анда катышуучуларга автотранспорт жана турак жайды камсыздандыруу тартиби тууралуу толук маалымат айтылып, жол кырсыктарын болтурбоо боюнча сунуштар, оңой жана кыска жол менен камсыздандыруу үчүн керектүү документтерди чогултуу боюнча түшүндүрмөлөр берилди. Иш-чаранын негизги максаты - жолдогу коопсуздукту жогорулатуу, авариялык кырдаалдардын санын азайтуу жана айдоочуларды өз укуктары менен милдеттеринен кабардар кылуу.