Жаңылыктар
Чет элдик номерлүү машиналарды мыйзамдаштыруунун экинчи этабы башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Чет элдик номерлүү машиналарды мыйзамдаштыруунун экинчи этабы башталды

Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик чет өлкөлүк номерлүү унааларды легалдаштыруунун экинчи этабын башталды. Аталган агенттиктен билдиришкендей, экинчи этаптын алкагында алгачкы унаа 10-регион белгиси менен мамлекеттик номер алды. Унаага укук белгилөөчү документтер да берилген, бул анын ээсине өлкө аймагында унааны мыйзамдуу иштетүүгө мүмкүндүк берет.

 Кыргызстанда 1-апрелден тарта чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштыруунун биринчи этабы башталган.

Чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштыруу процесси 2025-жылдын 1-октябрына чейин созулат жана төмөнкү үч этапты камтыйт:

- I этап - укук белгилөөчү документтер болгон учурда чет өлкөлүк мамлекеттик номурлары бар транспорт каражаттарын легалдаштыруу;

- II этап - укук белгилөөчү документтери жок тийиштүү техникалык абалындагы транспорт каражаттарын легалдаштыруу;

III этап - менчик ээлерине укук белгилөөчү документтери жок автотранспорт каражаттарын ээликтен ажыратуу мүмкүнчүлүгүн берүү (запастык бөлүктөргө сатуу, өлкөдөн алып чыгуу, утилдештирүү ж.б.)

Учурда Мамлекеттик агенттиктин бардык аймактык бөлүмдөрүндө биринчи жана экинчи этапка кирген унаалар үчүн легалдаштыруу мүмкүнчүлүгү бар.