4-апрелде Өзбекстандын Самарканд шаарында “Борбор Азия – Европа Биримдиги” саммити өттү. Бул Евробиримдик менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн тарыхындагы алгачкы саммит. Самарканддагы диалог “Келечекке инвестиция” ураанынын астында өттү.
Саммитте сүйлөгөн сөзүндө Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров жакынкы коңшулары менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүү Кыргызстандын тышкы саясатынын негизги артыкчылыктарынын бири экенин баса белгиледи. Мамлекет башчы Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы тыгыз өз ара аракеттенүү аймактын коопсуздугун жана туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууда негизги ролду ойной турганын белгилеп, “Борбор Азия – Европа Биримдиги” биринчи саммитинин жыйынында соода-экономикалык мамилелердин ишенимдүү өсүп жатканын, акыркы төрт жылда Кыргызстан менен Европа Биримдигинин өлкөлөрүнүн ортосундагы товар жүгүртүү 2,4 эсеге, анын ичинде импорт – 2,6 эсе, экспорт – 1,5 эсе өскөнүн баса белгиледи:
- Мындай ийгиликтер рыноктордун ачыктыгынын жана «Преференциялардын жалпы системасы плюс» демилгесинин аркасында мүмкүн болду, ал Кыргызстандан чыккан товарлардын Европа Бирлигине мүчө болгон 27 өлкөнүн рыногуна кирүүсүн камсыздайт. Ал Кыргызстандын стратегиялык географиялык абалы жана анын өсүп жаткан транзиттик дарамети соода жана инвестициялар үчүн кеңири перспективаларды ачарына басым жасап, европалык бизнести бул долбоорлорго өз ара пайдалуу негизде активдүү катышууга чакырды. Биз европалык өнөктөштөргө Кыргызстанда жүзөгө ашырылып жаткан гидроэнергетика тармагындагы масштабдуу долбоорлорго кошулууну сунуштайбыз. Камбар-Ата-1 ГЭСи флагмандык долбоору биздин пландарыбызда өзгөчө орунду ээлейт. Биз бул ири гидроэлектр станциясынын курулушун баштадык, анын долбоордук кубаттуулугу 1860 МВт жана жылына 5,6 миллиард кВт/саат электр эенргиясын иштеп чыгышы болжолдонууда.
Көп кырдуу кызматташтыктын өнүгүшүнө Борбордук Азиядагы терең трансформация шарт түзүүдө, ал бирдиктүү саясий эрктин аркасында туруктуу жана кайра кайтарылгыс мүнөзгө ээ болду, деп баса белгиледи Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёев. Бүгүнкү күндө мамлекеттер ортосунда ишеним жана жакшы коңшулук чыңдалып, ар тараптуу кызматташтык кеңейүүдө.
- Мындан жети-сегиз жыл мурда бул үчүн шарт да жок эле. Айрым өлкөлөрдүн ортосундагы чек аралар жабылды. Соода, транзит, бизнес, гуманитардык алмашуу болгон эмес. Мамиле жөн эле катып калган. Анда эч ким жакынкы келечекте Европа лидерлери менен сүйлөшүүлөрдө региондун атынан катышаарыбызды элестете албайт болчу. Мен ачык-айкындуулукту баса белгилейм.
Еврокеңештин төрагасы Антонио Коста жана Еврокомиссиянын төрагасы Урсула фон дер Лейен жолугушууну “мамилелердин кийинки деңгээли” деп атап, саммит Европа Биримдиги менен Борбор Азиянын ортосундагы кызматташтыктын жаңы барагын ачарын белгиледи. Евробиримдиктин 300 миллиард еврого бааланган глобалдык шлюз долбоору Транскаспий эл аралык транспорт коридорун өнүктүрүүгө багытталган. Керектүү инфраструктураны өнүктүрүү үчүн жалпысынан 18,5 миллиард евро талап кылынат.
Европа Комиссиясынын төрайымы Урсула Урсула фон дер Лейен Борбор Азия Евразиянын жүрөгү жана глобалдык дарбаза экенине токтолду:
- Борбор Азия - бул глобалдык жол, глобалдык дарбаза, ал Евразиянын жүрөгү, биз Транскаспий коридорун өнүктүрүүгө 10,5 миллиард евро инвестицияладык, ал Европа Биримдиги менен Борбордук Азиянын ортосундагы жолду 15 күнгө кыскартышы керек, бул коридор ишкердиктин дараметин өнүктүрүүгө, коммуникацияларды жана сооданы жакшыртууга тийиш.
Инфраструктураны өнүктүрүү жана заманбап транспорттук коридорлорду түзүү чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүү контекстинде Президент Садыр Жапаров Европа Бирлигинин Борбор Азияда туруктуу транспорттук өз ара байланышты өнүктүрүүгө жалпы суммасы 10 млрд. еврону түзгөн каражаттарды инвестициялоо демилгесин кубаттады.
- Кызматташтыктын дагы бир келечектүү багыты катары өтө маанилүү сырьелук материалдарды иштеп чыгуу саналат. Кыргызстан сейрек кездешүүчү жана баалуу металлдардын олуттуу запастарына ээ. Буга чейин Европа Бирлигинин жана биздин айрым коңшуларыбыздын (Казакстан, Өзбекстан) ортосунда ишке ашырылгандай өзүнчө өнөктөштүк же «жол картасы» түрүндө тариздөө менен бул багытта өз ара аракеттенүүнү активдештирүүнү сунуштайбыз.
Кыргызстан Европа Биримдиги менен бардык тармактарда өнөктөштүктү тереңдетүүгө багыт алганын баса белгилеген Садыр Жапаров жолугушуунун жыйынтыгында Борбордук Азия менен Евробиримдиктин ортосундагы мамилелерге кошумча дем бере турган жаңы конкреттүү макулдашуулар пайда болоруна ишеним арта турганын билдирди.
Андан соң Президент Садыр Жапаров “Борбордук Азия глобалдык климаттык чакырыктар алдында: жалпы өркүндөп-өсүү үчүн биригүү” эл аралык форумуна катышып, соңку жылдары климаттын өзгөрүүсү көйгөйү байма-бай, анын ичинде БУУнун жогорку трибунасында жана Климаттын өзгөрүшү боюнча БУУнун алкактык конвенциясынын жыл сайын өтүүчү саммиттеринде көтөрүлүп жатканын баса белгиледи. Ошол эле учурда Президент акыркы жылдары мөңгүлөрдүн интенсивдүү эришин жана мөңгү аянтынын азайышын, суунун аздыгын, кургакчылык жана чөлгө айланууну байкап жатабыз -деди. “Акыркы 70 жылда Кыргызстанда мөңгүлөрдүн аянты 16% азайды. 2100-жылга чейин алардын жарымы жок болуп кетиши мүмкүн", - деди Садыр Жапаров жана бул көйгөйлөрдү эске алуу менен Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүнүн активдүү программасын жактай турганын баса белгиледи.