Жаңылыктар
Нарында телефон шылуундарына миллион сомго чейин алдангандар бар
Кыргызстан жаңылыктары
Нарында телефон шылуундарына миллион сомго чейин алдангандар бар

Нарын облусунун аймагында телефон шылуундарына алдаган жарандар милиция органдарына көп кайрылууда. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Байтик Мусаев маалымдады.

Анын айтымында, Нарын облусунда телефон шылуундарына 1 млн сомго чейин алдаткандар бар. Тилекке каршы аларды алдаган шылуундар табылып, жазасын ала элек. Себеби жабырлануучулар кеч кайрылып калышкандыктан алдамчылар изин таптырбай, акча каражаттарын өлкө аймагынан чыгарып кетүүдө.  

“Телефон шылуундарына алдангандар Нарын шаарында көп катталып жатат. Себеби айылда жашагандар Нарын шаарына келип кредит алып, арасында алдамчыларга терминалдар аркылуу бир млн. сомго чейин которуп жибергендер бар. Алар акчаларын бөлүп-бөлүп салышкан. Көбүнчө шылуундук менен түрмөдө отурган адамдар алектенет. Алар акчаларды бир нече эсепке  которушуп, аягы каражаттар өлкө аймагынан чыгып кетип жатат”, - деди облустук милиция башчысынын орун басары Байтик Мусаев.

Мындан улам укук коргоо органдары жарандарды жеңил акча табуу тууралуу интернеттеги ар кандай шилтемедеги билдирүүлөргө ишенбөөгө чакырууда.