Жаңылыктар
Нарында бир жылда 90 чакан ишкана ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Нарында бир жылда 90 чакан ишкана ачылды

Нарын облусунда өткөн жыл ичинде өндүрүш, кайра иштетүү жана тейлөө багыттында 90 чакан ишкана ачылды. Бул көрсөткүч мурдагы жылга караганда 22 ишканага көп. 2023-жылы 70 гана жумуш орду түзүлсө, өткөн жылы 1237 жаран иш менен камсыздалган.

Өндүрүш ишканаларынын эң ириси Ат-Башы  районундагы “Нарын мото” заводу. Завод райондогу Кара-Булак участкасында курулган эл аралык соода-логистикалык борбордо жайгашкан. Анда кытай өнөктөштөрдүн колдоосу менен эки, үч, төрт дөңгөлөктүү мото техникалар куралып чыгууда. 

Аталган райондогу дагы бир чоң ишкана - "Ат-Башы эт" ишканасы, бул жерде суткасына 10 миң банкадан ашык продукция өндүрүлө баштады.

Ошондой эле курулуш тетиктерин, темир-бетон, мык, тор зым түйгөн, нан чыгаруучу, этти, сүттү жана таштандыны кайра иштетүүчү ишканалар ачылды.