2024-жылы Нарын облусунда 42 чакырым жолго асфальт катмары төшөлүп, 269 млн. сомдук жумуштар аткарылды.
Жол курууда 9 жол тейлөө мекемеси иштеп, аларда 340 адис эмгектенет. Ал эми жол салууга өткөн жылы 38 атайын техникалар берилген.
Нарында жалпы автомобиль жолдорунун узундугу 3775 чакырымды түзүп, аны Жол чарба департаментинин Нарын обусундагы №2-аймактык бөлүмү тейлейт. Мунун ичинен транспорт коридорун түзгөн эл аралык маанидеги жолдун узундугу 637 чакырым. 153 чакырымы Жумгал району аркылуу өткөн Түндүк-Түштүк аьтернативдик жолу. Ал эми 1590 чакырымы мамлекеттик маанидеги жол болсо, 1394 чакырымы жергиликтүү маанидеги жол.