Жаңылыктар
Бишкекте кыздарды коркутуу менен 2 миң доллар талап кылган милиция кызматкерлери кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте кыздарды коркутуу менен 2 миң доллар талап кылган милиция кызматкерлери кармалды

УКМК тарабынан ички иштер органдарындагы коррупциялык багыттагы кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт кою боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иш-чаралардын жүрүшүндө, 2025-жылдын 29-январында ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте, опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБинин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын ыкчам кызматкерлери жана жетекчиси кармалды.

Алар 2000 АКШ доллары өлчөмүндө опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында колго түштү. Тергөө көрсөткөндөй, райондук милициянын жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын ыкчам кызматкерлери Т.У.Ш., Б.А.О., ошондой эле аталган инспекциянын башчысы Ч.Т.Т. жасалма негизде кылмыш жоопкерчилигине тартуу аркылуу коркутуу менен кыздардан акча талап кылууга түздөн-түз тиешеси бар экени аныкталган.

Мындан улам кармалгандар ЖПКнын 96-беренесине ылайык, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.