Лейлектин Сары-Дөбө айылынын тургуну Нурбек Момунов үй-бүлөсү менен чакан чарба түптөп, асыл тукум койлорду бага баштагандан бери турмуш-тиричилиги ирденүүгө өттү. Азды көп кылып, элетте туруп иштин эбин тапкан бул үй-бүлө азыр көпчүлүккө үлгү.
Бул үй-бүлө короодогу 8 баш коюн үч жыл ичинде 50гө жеткирген. Малдын асылына басым жасап, азыр бир кою 100 миң сомго чейин бааланууда.
Нурбек Момуновдун короосунда учурда 30дан ашык ооган жана 20дай гиссар породасындагы кой бар. Асыл тукум мал багып баштаганына 3 жыл болду. Сандан сапатка өткөн фермер мал кароонун сырларын өздөштүрүп, жакшы киреше таап жатканын айтат.
Ооган жана гиссар тукумундагы койлор негизинен чоңдугу, сапаттуу жүнү жана эти менен айырмаланат.
Нурбектин жубайы Гүлзия Сыдыкова мал кароо түйшүгүн чогуу тартып жатканына токтолду: “Баарыбыз кызыгабыз. Үй-бүлөбүз менен карайбыз. Жолдошум, балдарым баарыбыз малды жакшы көрөбүз. Эки убак жем беребиз. Бышырып, кайнатып, эртең менен, кечинде беребиз. Жолдошум базарга кеткен күндөру мен караймын”
Бул үй-бүлөнүн мал-чарбачылыгы менен алектенип калганына социалдык келишим долбоору түрткү болгон. 2022-жылы алгачкылардан болуп мамлекеттен 100 миң сом кайтарымсыз каржылык колдоо алышкан. Дароо 8 баш кой сатып алып, чарба түптөшкөн.
Гүлзия Сыдыкова мал чарбачылык менен эле отура бербей дыйканчылыкка да көңүл буруп жатканын да айта кетти: “Дыйканчылыктан түкшөн кирешебизди кошуп туруп, сандан сапатка өтөлү дедик. Мурда 3 уулума 4000 сом жөлөк пул алчу элем. 4000ди алып жеп коёт элек, анан башыбыз карыздан чыкпай отурмай. Мамлекет тарабынан берилген 100 миң сом биздин жашообузду кескин өзгөрттү десек болот. Өзүбүз да аракет кылып көп нерсеге жетиштик.”
Эмгекчил үй-бүлө “Социалдык келишим” долбоорунун алкагында эми 200 миң сом жеңилдетилген насыя алууну көздөп жатат. Ал каражатка айылга тоок ферма түптөөнү максат кылууда.