Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Алматы көчөсүнүн №186 дарегинде бала бакчадан өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
«Өрттү өчүрүүгө саат 08:05те Свердлов райондук №3 ӨКБдан 1, буга кошумча саат 08:13тө Свердлов райондук №3 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп жана Штаб, жалпы 2 бөлүм тартылган. Кошумча маалымат берилет», — деп жазылат билдирүүдө