Жаңылыктар
Баткенде гепатитке каршы акысыз эмдөө жүрүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Баткенде гепатитке каршы акысыз эмдөө жүрүүдө

Баткен облусунда  гепатиттин В, С, Д түрүнө каршы акысыз эмдөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул эмдөө үч этапта жүргүзүлүп, биринчи доза алгандан кийин экинчи доза бир айдан соң, ал эми үчүнчү доза алты айдан кийин сайылат. 

Соңку мезгилдерде Кыргызстанда курч вирустук гепатит менен ооругандардын саны олуттуу түрдө өскөнү байкалууда. Адистердин айтымында 2024-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча, бул оору 2,5 эсеге көбөйгөн. Мындан улам сарыктын В, С, Д түрүнүн алдын алуу максатында облус аймагында гепатитке каршы эмдөө иштери акысыз жүрүп жатат. Учурда 12497 адам толук эмдөөдөн өткөн.

Адистер гепатиттин кээ бир түрлөрү өтө жугуштуу жана коркунучтуу экенин эскертүүдө.  Айрыкча гепатит В жана С өтүшүп кетсе, боор циррозуна жана ракка алып келиши мүмкүн. Бирок гигиенаны сактоо, эмдөөдөн өтүү жана коопсуздук чараларын көрүү менен гепатиттин алдын алса болот.