Жаңылыктар
Ала-Арчада 9 ай бою иштей турган лыжа базасы кайра жанданат
Кыргызстан жаңылыктары
Ала-Арчада 9 ай бою иштей турган лыжа базасы кайра жанданат

"Ала-Арча" жаратылыш паркындагы 9 ай бою иштөөгө мүмкүнчүлүгү бар лыжа базасы кайрадан жанданат. Бул тууралуу Биринчи радионун түз эфиринде "Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркы мекемесинин директорунун орун басары Кубанычбек Жекшенбеков билдирди.

Анын айтымында, жаратылыш паркынын тээ төрүндөгү Союз маалынан калган лыжа базасы учурда урап, жараксыз болуп калган. Бул жайды оңдоп-түзөп, кайра жаңылоо иштери жакын арада башталганы турат.

Союз маалында бул лыжа базасында олимп оюндарына жана ири мелдештерге барчу спортчулар даярдыктан өтүп турушкан.