Улуттук Банк 10-январга карата валюталар курсу боюнча жаңыланган маалыматты жарыялады.
Ага караганда, доллар, рубль жана теңгенин сомго карата курсу бир аз өсүп, евро менен юань төмөндөгөн. Жаңы жылдын алдында орус акчасы 76 тыйынга чейин түшүп кеткен эле.
- Доллар (USD) - 87 сом;
- Евро (EUR) - 89,67 сом;
- Рубль (RUB) - 0,83 тыйын;
- Теңге (KZT) – 0,16 тыйын;
- Юань (CNY) - 11,86 сом.
Учурда коммерциялык банктарда доллар 86.87 сомдон сатып алынып, 87.36 сомдон сатылууда. Орус рубли орточо 83 тыйындан сатып алынып, 87 тыйындын тегерегинде сатылып жатат.