Өлкө аймагында бир жума ичинде 19 378 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан 2024-жылдын 18-ноябрдан 24-ноябрга чейин, алдын ала маалымат боюнча 19 378 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Алардын ичинен:
– Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 1108;
– Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 221;
– Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 64;
– Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 581;
– Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3044;
– Авто ээнбаштык – 9;
– Белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3302;
– Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 9;
– Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11040;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1584 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.