Жаңылыктар
Садыр Жапаров Акылбек Жапаров баштаган бир катар жетекчилерге сөгүш жарыялады
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров Акылбек Жапаров баштаган бир катар жетекчилерге сөгүш жарыялады

Президент Садыр Жапаров Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго, бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилерине жана Президенттин Администрациясынын кызматкерлерине сөгүш жарыялады.

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан орто мектептердин мугалимдери үчүн ноутбуктарды сатып алууда жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн төмөнкүлөргө:

 – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровго;

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго;

– Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаевага;

– Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Лира Самыкбаевага;

– Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары – тармактык саясат бөлүмүнүн башчысы Жипариса Рысбековага;

– Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти Медербек Омурбековго сөгүш берилди.

Сөгүш жарыяланышына мугалимдерге сапатсыз ноутбуктар алынышы негиз болгон. 

Садыр Жапаров быйыл июлда өлкөдөгү орто мектептердин бардык мугалимдерин ноутбук менен камсыздоо тапшырмасын берген. Ал үчүн мамлекеттик бюджеттен 600 миллион сомдон ашык каражат бөлүнүп, жыл соңуна чейин мугалимдердин 50%, кийинки окуу жылында 100% ноутбук менен камсыздалары кабарланган.