Жаңылыктар
УКМКнын Лейлек райондук бөлүмүнүн кызматкерлери жаңы имараттуу болушту
Кыргызстан жаңылыктары
УКМКнын Лейлек райондук бөлүмүнүн кызматкерлери жаңы имараттуу болушту

УКМКнын Лейлек райондук бөлүмүнүн кызматкерлери жаңы имараттуу болушту. Анын ачылыш аземине атайын кызматтын жетекчиси Камчыбек Ташиев катышты. 

Ал куттуктоо сөзүн сүйлөп, имараттын шарттары менен таанышып чыкты. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, УКМКнын ардагерлери жана жергиликтүү башкармалыктын өздүк курамы катышкан иш-чаранын жүрүшүндө тапшырмалар жана талаптар да эске салынды. Быйыл жылдын аягына чейин УКМКнын өлкө ичиндеги бардык аймактык бөлүмдөрүн жаңылоо иштери аяктаарын Камчыбек Ташиев билдирди. Түзүлгөн шарттарга жараша атайын кызматка коюлган талаптар дагы күчөтүлүп, өлкө коопсуздугун камсыз кылуу багытында зарыл болгон иш-аракеттерди күчөтүү жагы үзгүлтүксүз ишке ашырылат.