Жаңылыктар
Аттестат менен күбөлүктүн электрондук түрү да чыкты
Кыргызстан жаңылыктары
Аттестат менен күбөлүктүн электрондук түрү да чыкты

Биринчи жолу Кыргызстанда мектеп окуучулары үчүн күбөлүк менен аттестат электрондук түрдө дагы даярдалат. Быйыл 9-жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрү электрондук күбөлүк алышат. Албетте окуучуларга орто билимге ээ болгондугу боюнча документтер кагаз түрүндө да берилет. Электрондук аттестат менен күбөлүк “Түндүк” мобилдик тиркемесинде да жеткиликтүү болот. Бул бир топ маселени жеңилдетет. Мектепти аяктап жаткан 9-11-класстын окуучуларынын баалары Билим берүү жана илим министрлигинин санариптик базасына келип түшөт. Бул базадагы маалыматтар “Учкун” басмаканасына жеткиликтүү болот.