Жаңылыктар
Адылбек Касымалиев Россия Өкмөтүнүн жана Татарстандын Төрагасынын орун басарлары менен жолугушту
Кыргызстан жаңылыктары
Адылбек Касымалиев Россия Өкмөтүнүн  жана Татарстандын Төрагасынын орун басарлары менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Казань шаарына (Татарстан Республикасы) болгон жумушчу сапарынын алкагында, бул күндөрү өтүп жаткан «Россия - Ислам дүйнөсү: KazanForum» Эл аралык экономикалык форумунун талаасында, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Марат Хуснуллин жана Татарстан Республикасынын Раиси Рустам Минниханов менен жолугушту.   

Достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өткөн жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун кеңири спектри боюнча пикир алышты.  

МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы союздук мамилелер жана стратегиялык өнөктөштүк эки тараптуу форматта да, интеграциялык бирикмелер аркылуу да чыңдалып жатканын белгиледи.  

«Биздин элдерибиздин достугу мезгил сыноосунан өткөн ишенимдүү жана жакшы мамилелерге негизделген. Биз турмуштун дээрлик бардык чөйрөсүндө, анын ичинде интеграциялык бирикмелердин алкагында активдүү өз ара аракеттенип жатабыз», — деди Адылбек Касымалиев. 

«Биз турмуштун дээрлик бардык чөйрөсүндө активдүү өз ара аракеттенип жатабыз, соода жана инвестициялык кызматташтык ишенимдүү өнүгүп жатат», - деди Адылбек Касымалиев. 

Ал ошондой эле Кыргызстандын президентинин жакында Казанга жасаган иш сапарын айтып, Раис Р.Минниханов менен жемиштүү жолугушуу болгонун белгиледи. 

Андан ары МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары “бул форумга мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, парламентарийлер, дипломаттар, руханий лидерлер гана эмес, инвесторлор, финансисттер, ишкерлер жана өндүрүшчүлөр да чогулуп жатканын” баса белгиледи.  

«Иш-чаранын алкагында, мамлекеттер жана аймактар аралык деңгээлде биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылып жатат», - деп кошумчалады Адылбек Касымалиев. 

Өз кезегинде Россиянын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Марат Хуснуллин Кыргызстан, Россиянын стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири экенин айтып, өзгөчө транспорттук, аймактар аралык жана инвестициялык чөйрөлөрдө кызматташууну баса белгилеп, «Кыргыз Республикасы менен өз ара пайдалуу байланыштарды мындан ары да өнүктүрүүгө» даярдыгын билдирди. 

Өз кезегинде Татарстан Республикасынын Раиси Рустам Минниханов Адылбек Касымалиевге “Россия – Ислам дүйнөсү: KazanForum” эл аралык экономикалык форумуна катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. 

Ал Кыргызстан менен Татарстандын ортосундагы жыл сайын ийгиликтүү чыңдалып келе жаткан тыгыз мамилелерге өзгөчө басым жасады. 

Ал ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго салам айтып, анын «Келечек оюндарынын» ачылыш аземине катышуу үчүн Казань шаарына келгенин жылуу сөз кылды. 

«Биз үчүн Кыргызстан бир тууган республика. Бизде соода-экономикалык чөйрөдө гана эмес, кадрларды даярдоо, илим, маданият, билим берүү тармагында да мамилелерди өнүктүрүү үчүн эбегейсиз зор потенциал бар”, - деген Рустам Минниханов Кыргызстан менен өз ара аракеттенүүгө байланыштуу бардык долбоорлор жана демилгелер Татарстан тарабынан колдоого алынаарын белгиледи.