Жаңылыктар
Акылбек Жапаров Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин жаңы имаратын ачты
Кыргызстан жаңылыктары
Акылбек Жапаров Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин жаңы имаратын ачты

Ташкент шаарына (Өзбекстан) болгон жумуш сапарынын алкагында КР министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстандын элчилигинин жаңы имаратынын расмий ачылыш аземине катышты.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, алгач Акылбек Жапаров менен Абдулла Арипов Элчиликтин короосуна арча көчөттөрүн отургузду.

Андан соң КР Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдыгына, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата жана кыргыз-өзбек эки тараптуу мамилелерин чагылдырган сүрөт көргөмөнү көрүп чыгышып, ардактуу меймандар китебине кол тамгаларын калтыргандан кийин, эстеликке сүрөткө түштү.

Иш-чарага ошондой эле Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Россия, Түркия, Тажикстан, Түркмөнстан мамлекеттеринин Өзбекстандагы элчилери, диаспоралар, этникалык кыргыздар жана жергиликтүү жашоочулар чакырылган.

Ошондой эле келген коноктор үчүн атайын боз үй тигилип, кыргыздын меймандостугу көрсөтүлдү.

Өзбекстандын аймагына жылына кирип-чыккан Кыргызстан жарандарынын саны 1 миллиондон ашат, ал эми туруктуу жана убактылуу жашагандардын саны 6,5 миңдин тегереги, мындан тышкары болжолдуу 400 миңден ашуун этникалык кыргыз жашайт.