Жаңылыктар
Президент Мухаммед Бин Заед Аль Нахаянга көңүл айтты
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Мухаммед Бин Заед Аль Нахаянга көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын Президенти шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахайянга бир тууганынын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

 “Сиздин Абу-Даби шаарынын Чыгыш тарабындагы өкүлүңүз жана агаңыз маркум шейх Тахнун бин Мухаммад Аль Нахаяндын дүйнө салгандыгы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан элинин жана өзүмдүн атымдан Сизге жана маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам”, - деп айтылат телеграммада.