Жаңылыктар
МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Ташкентке келди
Кыргызстан жаңылыктары
МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Ташкентке келди

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарына келди. 

МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаровду Ислам Каримов атындагы эл аралык аэропортунан Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов тосуп алды. 

Жумуш сапарынын алкагында МинКаб Төрагасы Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйынына, ошондой эле Ташкент эл аралык III инвестициялык форумуна катышат.

Иш-чаралардын алкагында эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлөт, ошондой эле энергетика, курулуш компанияларынын жетекчилери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.