Жаңылыктар
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров 2-3-майында жумуш сапары менен Өзбекстанга барат
Кыргызстан жаңылыктары
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров 2-3-майында жумуш сапары менен Өзбекстанга барат

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров үстүбүздөгү жылдын 2-3-майында жумуш сапары менен Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарына барат. 

Анда МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Өкмөттөр аралык эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен комиссиясынын 11-жыйынына жана үчүнчү эл аралык Ташкент инвестициялык форумуна катышат.

Иш-чаралардын алкагында эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландалууда. 

Мындан тышкары энергетика жана курулуш тармактарында иш жүргүзгөн эл аралык компаниялардын жетекчилери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлөөрү жана курулуш объекттеринин башкы пландары менен таанышаары күтүлүүдө.