Жаңылыктар
Тазалаган эмес, булгабаган жер - таза
Кыргызстан жаңылыктары
Тазалаган эмес, булгабаган жер - таза

Айлана чөйрө таза, тыкан болбосо, жан дүйнөдө, рухта кайдан ирээт болсун... А жан дүйнөсүндө ирээттүүлүк болбогон инсан, коомдун таза болуусуна кантип салым кошмок эле... Заман эмес, адам бузулуп турган коомдо айлана-чөйрө гана таштандыга толбостон, акыл эсибиз, ой чабытыбыз да таштандыга толду. Эң кызыгы тазалыкты өзүбүздөн эмес бирөөдөн талап кылабыз. Коомдун бир мүчөсү катары, өзүбүздүн жоопкерчиликти сезгибиз келбейт.