Жаңылыктар
Эл аралык баңгизат тобунун мүчөсү кармалып, андан "Мефедрон" баңги каражаты алынды
Кыргызстан жаңылыктары
Эл аралык баңгизат тобунун мүчөсү кармалып, андан "Мефедрон" баңги каражаты алынды

 УКМК тарабынан 2024-жылдын 21-апрелинде жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси "Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун ири өлчөмдө сатуу максатында мыйзамсыз өндүрүү, сактоо, ташуу, жөнөтүү" боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында эл аралык баңгизат тобунун мүчөсү К.у.А. кармалды.

 Тактап айтканда, Чүй облусунун Пригородное жана Достук калктуу конуштарынын ортосундагы "Манас аэропорту – Бишкек шаары " авто жолунда Кыргыз Республикасынын 1995-жылы туулган К.у.А. аттуу жараны кармалып, андан жалпы салмагы 2 кг. болгон "Мефедрон" синтетикалык баңги каражаты табылды. Аталган заттын 1 граммы базар баасында 6000 сомду түзөт, жалпысынан табылган жүктүн наркы 12 000 000 сомго жетет.

 Кармалган К.у.А. аттуу жаран КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

 Бүгүнкү күндө синтетикалык бангизаттардын жаңы түрлөрүн, белгилүү бир акчалай сый акы үчүн таратууну жана сатууну уюштурууда анонимдүүлүктү камсыз кылган байланыш методдорунун (интернет мессенджерлер, социалдык тармактар) динамикалуу өнүгүүсүнө байланыштуу жаштардын көпчүлүлүгү азгырылууда. Буга байланыштуу КР УКМК ата-энелерди өз балдарына карата сак болууга, алардын убактысын жана айлана-чөйрөсүн көзөмөлгө алууга, ошондой эле түшүндүрүү иштерин туруктуу негизде жүргүзүүгө чакырат.

 Эскерте кетсек, КР Кылмыш-жаза кодексине ылайык, аталган кылмыш үчүн жашы 14 жаштан ашкан адамдар 8 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылып, мүлкүн конфискациялоо менен кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

 Азыркы учурда жогоруда аталган баңги каналынын башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары уланып, бул багытта активдүү иштер жүргүзүлүүдө.