Жаңылыктар
Кыргызстанда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыргызстандын аймагында бүгүн саат 12:22де очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Чолпон-Ата шаарынан 35 чакырым түндүк-батышта, Алматы шаарынан 40 чакырым түштүктө, Бишкек шаарынан 190 чакырым түндүктө жайгашкан.

Жердин силкинүүсү Казакстандын Алматы шаарында 4,5 балл, Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарында 4 балл, Кумтөр кенинде, Бишкек жана Каракол шаарларында 3,5 баллга чейин сезилди.