Жаңылыктар
А. Жапаров Өзгөндөгү айланма жолдун курулушун көрдү
Кыргызстан жаңылыктары

Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрация Жетекчиси Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушунун иш ыргагы менен таанышты. Төрага жолдун сапатына тыкыр көңүл бурууну жана өз убагында бүткөрүүнү тапшырды.